0 800 000 7777 (КР боюнча чалуу акысыз)
Шейшемби | 30.12.2025

М Булак кеңселеринин жаңы жылдык майрамдардагы иш графиги

Новость

Урматтуу кардарлар, Компаниянын достору жана өнөктөштөрү,
Сиздерди келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен куттуктайбыз!

1-январдан 7-январга чейин М Булактын бардык кеңселеринде майрамдык эс алуу күндөрү болорун маалымдайбыз.

Жумасына 6–7 күндүк иш графиги менен иштеген М Булак кеңселери кардарларды тейлөөнү 8-январдан тартып, 5 күндүк иш графиги менен иштеген кеңселер 12-январдан баштап жандандырат.

Сизге керектүү кеңсе кандай график менен (жумасына 5, 6 же 7 күн) иштээрин бул таблицадан тактап алсаңыз болот.

Насыяга табыштама берүү же онлайн режиминде төлөм жүргүзүү сайтта жана М Булак тиркемесинде жеткиликтүү.